Мектеп жөнүндө

Мектептин тарыхы

Баштапкы аты 1-Май  №25 орто мектеби Өзгөн райондук Кенешинин №114 токтомунун негизинде   2011-жылдын 12- апрелиндеги токтому менен  Өзгөн райондук билим берүү бөлүмүнүн № 67/7 буйругунун  негизинде  Өзгөн райондук билим берүү болумунун буйругу менен Б.Келдибаев атындагы  №25 орто мектеби болуп өзгөртүлгөн

 

Аталган  мектептин   имараты 1994-жылы эки кабатуу болуп   250 орунга ылайыкташтырылып  курулган.2011-жылы 29-апрелде Юридикалык жакты кайра каттоо жөнүндө куболук алынган.

 

Б.Келдибаев атындагы № 25 орто мектебинин   педагогикалык  жамааты  мектептин  окуу процессин жүргүзүүдө Кыргыз Республикасынын «Билим  берүү жөнүндө», «Мугалимдин статусу жөнүндө»  мыйзамдарынын, Кыргыз  Республикасынын Өкмөтүнүн нормативдик укуктук  актыларынын Өзгөн райондук  билим берүү  бөлүмүнүн көрсөтмөлөрүнүн жана мектептин Уставынын негизинде иш жүргүзүлүп келет.

Мекеменин  имараты 1993–жылы салынган. 250 окуучу орунга эсептелген .10 класс кабинет, китепкана,мугалимдердин бөлмөсү, мектеп директорунун  бөлмөсү бар. Учурда  344 окуучу окуп жатат.           Мектептин 1 окуу корпусу бар. Мектеп индивидуалдуу проект менен салынган жана эки кабаттуу. Жалпы аянты 912,83 чарчы м.кв.

 

Эмблема

Мектеп  жөнүндө

 

Мектептин миссиясы 

Сапаттуу билим, сан кылымга жеткирет

Мектептин максаты:

Окуучунун келечектеги ишинин ыкмалары,  сапаттуу билим алуунун натыйжасында ээ болгон жондому жана ар тараптуу онуккон инсан болуп тарбияланышы